Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуев 2016-жылы 4-февраль күнү 91 жаш курагында дүйнө салган.
Сооронбай Жусуев 1959-жылга чейин "Ала-Тоо" адабий көркөм журналынын башкы редактору, "Чалкан" сатиралык журналында жооптуу катчы болуп эмгектенет.
Акын 1949-жылы эле СССР жазуучулар союзуна кабыл алынат.
1960-1986-жылдары акын Кыргызстан жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.
1950-жылы алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин, акындын дагы 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине жана башка чет тилдерине да которулуп чыгат.
Анын 70тен ашык ырына обон жазылган. 2003-жылы чыккан "Канат менен Зарина" деген махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыккан. С.Жусуев Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайям, Маяковский, Есенин, Тычина, Гамзатов, Кулиев, Магжандын жана башка акындардын ырларын кыргыз тилине чебер которгон.
4-февралга карата жылнаама.