Бүгүн шаардык сотто Салянованын соттук иши уланат

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын соттук иши уланат. Саат 10:00гө белгиленген сот отурумунда алгачкылардан болуп жактоочу Чынара Жакупбекова жарыш сөзгө чыгат. Анткени 2-февраль күнү кечки саат 20:00дө соттук жамаат ишти кароону жылдыруу чечимин кабыл алып, анын жарыш сөзү бүтпөй калган.

Жакупбекова ал күнү Салянова 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузууга барбаганын, күнөөсүз экендигин айтып, ага ылайыктуу жүйөлөрдү келтирген. Андан соң сот айыпталуучунун коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жана Салянованын өзүнүн сөзүн угат.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kanat.tls
2018-02-05 10:24:58
Бүтпөгөн сот болдуго өзү
-1
TalaCSKA
2018-02-05 10:39:49
булардын рекорд койойун деген пландары бар окшойт соттун узаактыгы боюнча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан