Каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келчү депутатка качан мандат тапшырыла турганы дале белгисиз.
Бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, аталган комиссия тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүшкөн. "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде депутаттыкка кезекте турган Насыр Мусаевдин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөттүк. Жооп келгенден кийин БШК ага мандат тапшыруу чечимин кабыл алат", - деди Бекматов.
Эске салсак, буга чейин БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев жана "Кыргызстан" фракциясынын катчылыгы Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнүн айтышкан.
19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген.