Бишкекте курсанттардын катышуусундагы тиреш кайсы жерден башталганы айтылды

4-февраль күнү саат 17:30 чамаларында Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттары менен №72-мектептин окуучуларынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, тиреше кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, абал курчуп кете электе окуя болгон жерге ыкчам батальон барып, аларды арачалап калган. Учурда окуянын чоо-жайы Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан териштирилип жатат.

"Балдардын ортосундагы түшүнбөстүк лицейге жакын жайгашкан интернет клубдардын биринен башталган. Алгач интернет клубда өз ара чырдаша кетишип, андан кийин сыртка чыгып мушташууга аракет кылышкан", - дешти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baku88
2018-02-05 15:49:44
Өткөөл курак
+2
aiba.8327
2018-02-05 16:07:14
Ап бала короздор десе....
+4
aibars
2018-02-05 16:41:19
Откоол куракта бекем кармаш керек.
0
MUHLISA
2018-02-05 19:03:16
Түнкү клубдардын эч эле пайдасы жок.
+2
nary-beri
2018-02-05 21:42:52
Урматуу админ видеосун кайдан корсо болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан