СУПЕРСТАН: "6-классымда бир чара камырды тандырга жабыштыра албай, күлгө аралаштырып баарын жараксыз кылгам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Тамакты жараксыз кылып алдыңар беле?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Тамак жасап жатканда күйгүзүп же башка нерсе болуп керексиз кылып алдыңар беле? Андан кийинки реакцияңар кандай болгон, үйүңүздөгүлөр эмне деди эле?" - деген суроосун калтырган.

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Былтыр мешке суюк тамак бышырып, казанды чыгарып жатсам, кайненем келип мештин кичинекей темирин казандын үстүнөн алып өтөм деп казанга түшүрүп алган. "Ии, өлдү" десем, "эчтеке болбойт" деп күлүп кайра алып койгон. Темирдин кара көөсү жок болгондуктан кайненем аны үйдөгүлөргө салып бере бер деген. Кийин экөөбүз бири-бирибизди карап күлүп, тамакты жебей койгонбуз".

"7-8-класста окуп нан бышырып жатып бир наным капкара болуп күйүп калган. Апамдан коркуп текчедеги кийимдериме ороп коюп унутуп калыптырмын. Апам кийимдеримди карап жатып таап алган".

"Өзүмчө эле тың келин болуп кайненеме жагынайын деп тандырга нан жаап баштагам. Өмүрүмдө жаап көргөн эмес элем, тандырдын табын билбейм. Муздагыраак жармаштырып алыптырмын, 10 нан жаптым эле, баарынын тең арты чыкпай калган. Какталып тура берип мен жегис же ал жегис болуп зыңкыйган катуу нандар болгон. Кайненем өлтүрөт деп ойлогом, бирок урушкан эмес. Кийинки жолу жапканда ысыгыраак жармаштырдым эле, баары түшүп калган. Ал эми үчүнчү жолкусунда кайненемдикинен кем калышпаган сонун нандарды жапкам".

"6-классымда бир чара толо камырды тандырга жабыштыра албай, күлгө аралаштырып баарын жараксыз кылгам".

"Тамак жасап жатсам мышык келип тузду төгүп салган. Ага чейин маанайым көтөрүңкү, "бүгүн сонун тамак кылам" деп ашканага кирип кеткен элем. Туз төгүлгөндө ыйлагам, үйдөгүлөр урушкан деле эмес, баары мени сооротушкан".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
s.k.bakyt
2018-02-05 22:34:28
Кыйратыпсынар))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан