"Ош базарындагы" өрттүн кесепетинен жабыркаган соодагерлерди колдоо боюнча кошумча механизмдерди иштеп чыгуу талкууланды

30-январда Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыгып, андагы "Сейтек” жана “Берекет плюс” кичи базарындагы жалпы 118 соода орундары күйүп кеткен. Кечээ, 5-февралда вице-премьер-министр Санжар Муканбетовдун төрагалыгы астында өрттүн кесепетинен келген чыгымдын өлчөмүн баалоо боюнча комиссиянын кеңешмеси өттү.

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында жабыркаган ишкерлердин бардык зарыл документтерин чогултуу маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынган. Ошондой эле жабыркаган тараптарды колдоо боюнча кошумча механизмдерди иштеп чыгуу маселеси талкууланып, Ленин райондук администрациясына ишкерлердин документтерин чогултууну уюштуруусу тапшырылган. Мындан тышкары тийиштүү мамлекеттик органдарга калыбына келтирүү иштерин баштоо үчүн корутунду берүүнү тездетүүгө буйрук берилген.

Ошондой эле 1-мартка чейин комиссияга келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана аныктоо, “Ош базары” соода комплексинин аймагындагы өрттүн кесепетинен жабыркаган ишкер субъектилеринин тизмесин бекитүү милдети тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан