Путин Кыргыз өлкөсүнүн Орусияга 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча мыйзамга кол койду

Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Орусияга буга чейинки насыялар боюнча карызын жөнгө салуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу укуктук маалымат расмий порталына таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кеп 240 миллион доллар карыз тууралуу болууда. "Жалпысынан кыргыз тарапка 488,9 миллион доллар насыя берилген. Кыргыз өлкөсү бул сумманын 55,1 миллион долларын гана кайтарган", - деп жазышат басылмалар.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз өлкөсүнүн 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялаган.

Айта кетсек, Орусия тараптын дагы 240 миллион карыздан кечүү тууралуу протоколго экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 20-июнунда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан.

Бул макулдашуунун протоколун Жогорку Кеңеш былтыр 2-ноябрда ратификациялап, мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы 9-декабрда кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Karban86
2018-02-06 10:33:27
Ошондо кереметтуу колубуз арендага кеттиби
-5
Gulnur1980
2018-02-06 11:18:51
Karban86,Ысык кол туураалуу соз болгон жок.Башынан окуп чыкчы....
+1
Karban86
2018-02-06 17:34:26
Gulnur1980,Жириновский эмне дегенин белесинби сен озун?!
-1
vavilon.
2018-02-06 10:46:28
Азаматсыңар орустар, Алла ыраазы болсун силерден. Бизден кайтпаса Кудайдан кайтсын. ))
+5
sabyrer82
2018-02-06 14:01:46
vavilon.,болок диндегилерге АЛЛАХ ыраазы болсун дебесе керек
-5
vavilon.
2018-02-06 14:10:21
sabyrer82, анан аларды башка Кудай жараттыбы?
+3
aiba.8327
2018-02-06 11:25:58
Рахмат айтып ыраазы боло бербеш керек бирде болбосо бирде созус ысык- колдон кол жууп калышыбыз толук мункун орус мн дос болсон ай балтанды алажур деп бекер айтпаса керек ...Журт ээлери ойлогула дайма еле кече бербейт .....
+1
sely
2018-02-06 11:35:19
Бир соз болду го карыздан кутулуу учун Ысык колду орусияга коп жылдык моонотко арендага берууго жонундо. Ммм жакшылап ойлонгулачы садаган кетейин биздин хххххх алакандай болгон Кыргыз олкосун кусок кусок кылып сатып бутуп эмне кылаар экенсинер. Карызды жондон жон кечкен жоктур. Ак мээнетке мандай терге эч нерсе жетпейт.эхх
+3
jbolotov
2018-02-06 13:18:59
Россия АКШ аскердик базасын чыгар деп отуруп чыгартты, алар 65 миллион доллар берип турчу аренда учун. Эми Россия карызын кечти деп одолжения кылдырып Путинге жалпандаган Атамбаевди мен президент болгон деп эсептебейм. Карызын жон кечкен жок, аны эл билет. Атамбаевге окшогондор башка бийлик келсе ото оор статьялар менен кетсе керек.
+1
KGstan1981
2018-02-06 15:33:23
Карыз карызды чакырат.Гитара черткен мультимиллионер кыргыздарды карызга баткызды.
0
Rasul94
2018-02-06 20:27:58
Путин брат сизге таазим.омурунуз узун болсун.женеша менен бактылуу кундорду коргуло
0
Azatbek83
2018-02-06 21:03:31
Дагын карыз алгыла!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан