Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев кечээ, 5-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коллегиялык жыйында 2017-жылы аткарылган иштер жана 2018-жылга коюлган маселелер каралды. Мекеме жетекчилеринин 2017-жылда аткарылган иштери тууралуу докладдарын угуп, вице-премьер-министр инспекция малды идентификациялоо боюнча алгылыктуу иштерди жасап жаткандыгын белгиледи. Аны менен катар ал жакын арада чечүүнү талап кылган кемчиликтер да бар экендигин айта кетти.
"Учурда өлкөнүн фитосанитардык тармагында бир катар көйгөйлөр бар. Биз аларды жигердүү чечүү үчүн так мөөнөттөрдү белгилеп жана тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек", - деди Кенекеев.
Дайыр Кенекеев текшерүү алдындагы объектилерди көзөмөлдөө абдан төмөн деңгээлде жүрүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле азыркы учурга чейин аталган объектилерди каттоо иши аягына чыга электигин белгиледи. Буга байланыштуу ал ушул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.
Вице-премьер-министр жаныбар аркылуу берилүүчү малдардын вирустук инфекция ооруларынын төмөндөшү боюнча жакшы көрсөткүчтөрдү белгилеп, бул маселе боюнча көзөмөлдү мындан ары дагы күчөтүүнү тапшырды.
"Аймактардагы мал союучу жайларды жана мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барышы керек. Биз базар текчелериндеги малдардын эттери тийиштүү нормаларга жооп берерин текшеребиз", - деп белгиледи Дайыр Кенекеев.
Вице-премьер-министр кайталаган функцияларды жок кылуу үчүн бул жааттагы мамлекеттик түзүмдөрдү оптимизация жана реорганизация кылыш керектигин белгиледи.
"Азыркы учурда өлкөнүн бардык мамлекеттик органдарында ишмердүүлүктү оптимизациялоо боюнча иштер жүрүп жатат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде 516 штаттык бирдикти кыскартуу болот. Аталган министрликтин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти менен Өсүмдүктөрдүн карантин департаменти бириктирүү керек болот", - деди.