Алдыңкы 4 жылда окуучуларга тамак-аш берүү жакшырат

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарында МакГоверн Доулдун эл аралык “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагында атайын жыйын өтүп, катышуучулар 2018-2021-жылдары аткарыла турган пландары менен бөлүштү.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө аталган программа аркылуу ар бир балага бир күнгө 50 грамм ун, 10 грамм күрүч, 5 грамм буурчак жана 5 грамм өсүмдүк майы бөлүнөт. Ал эми кошумча азык-түлүктөрдү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын бюджетинин эсебинен эт, сүт жана жашылча-жемиштер берилет. Ал эми алдыңкы 4 жыл аралыгында өлкө аймагындагы 430 мектепке заманбап жабдуулар орнотулуп, мектептерди оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Алардын ичинен эң негизги план - окуучулардын тамак-ашын жакшыртуу.

Отурумга АКШ Улуттук департаментинин Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн директору Скотти Рейд, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын адиси Айгүл Бообекова, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин, Мерсико уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү директору Ума Кандалаева, БУУнун мүчөлөрү, мектеп мугалимдери, Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, демөөрчүлөрдү Билим берүү жана илим министрлиги колдоого алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан