Өзбекстандын аймагына кирип кеткени үчүн бутуна ок атылган делген Кыргыз жараны чек арадан өтпөгөнүн билдирди

Мал кайтарып жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткендиги үчүн чек арачылар тарабынан бутуна ок атылган делген Кыргыз жараны бул маалыматты жокко чыгарып, чек арадан өтпөгөндүгүн, тескерисинче чек арачылар Кыргыз тарапка 800 метрдей кирип келип, ок чыгарышканын SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен чек арадан өткөн эмесмин, өзүбүзгө тийиштүү үлүш жерде жүргөм. Тескерисинче, өзбек чек арачылары биздин аймакка болжол менен 800 метрдей кирип келип, ок чыгарышты. Мен эч кандай каршылык көрсөткөн эмесмин", - деди ал.

Ошондой эле Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө кайтарылып берилип, учурда шаардагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын кошумчалады. Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Эске салсак, 27-январь күнү мал кайтарып жүрүп, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткендиги үчүн чек арачылар тарабынан Кыргыз жаранынын бутуна ок атылгандыгы тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
gute
2018-02-06 13:58:23
800 метрге чейин биздин жерге кирип келишсе биздин чек арачылар каякты карап журушкон анда
+12
33SUUN
2018-02-06 14:03:48
Бутуна ок тийгенде кан аккандыр жерге.Ошол кан аккан жер кимге тийешелуу экенин аныкташсын.Озбек чек арачылары биздин аймака 800 метрдей кирип келсе анда бизде чек арачы деген адам жокпу?
+11
ALATOOLUK.JIGIT
2018-02-06 14:11:49
Ошентип уктук,бул окуя биз жакта болгон.
+3
Bek_abad
2018-02-06 14:13:08
Мен чек арага жакын жашайм, канчалаган айылдаштарым түшүп чыккан. Биздин чек арачылар көлөкөдө настан атып отура берет.)
Алар иштегенин көргөзүш үчүнда, план толсун депта алып кире беришет.
+4
evra_kg
2018-02-06 14:24:12
Мамилекет эмес биздин кыргызстан
+2
Attila88
2018-02-06 14:35:31
XXXX ушул ашанын кланы жээн качан Аллахым ордуна коер экен буларды.омиин элди алдагандарды жазаласа экен кудайым
+3
Attila88
2018-02-06 14:37:47
8бай кара жалаа жаап ар кимге камап,бир кун ырын бутот сенин да аз калды.
0
BekAmir
2018-02-06 14:41:13
Иликтейбиз,акылдашалы макулдашалы деп журо бергиле... эл кор болдуго
+1
raykray
2018-02-06 14:43:56
Ой мен билем, биздикилер озубуздун границада турсада алар адам катары корбой атып ойнойт колунардан эмне келет деп?! Биздин границага алар коркпой келет басат, анан эле биздикилер айыпты кайра бир байкушка илет озу басып откон границаны деп! Озбектер баспай-жатабы биздин-и мен уккан жокмун бизди басытырды и аттык дегендерин озбек жаранын
+2
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-06 15:06:59
Жанакы чал ээми уйалса болот чек арабызга чейин кирип келип Кыргыздарды бутка аткылап жатышат
+1
Aikoo2014
2018-02-06 18:30:10
Мына бейкуноо эле бутуна жарат алып олтурат. Демек, биздин чондор ошол жерлерди саткан.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан