"Президенттин 24.кг сайтына салынган айып пулдан баш тартканы көзүңөрдү ачып жүргүлө дегени" дейт Мадумаров

"Президенттин 24.кг сайтына салынган айып пулдан баш тартканы көзүңөрдү ачып жүргүлө дегени", - деп бүгүн, 6-февралдагы маалымат жыйында саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы "боорукерлик көрсөттүм, баалап койгула" деп айып пулдан баш тартты.

"Эми аталган сайттын жетекчилери мындан кийин эстүү болуп калат. Журналист Кабай Карабековго окшогондордун макаласын жарыялабай калат", - деди ал.

Эске салсак, кечээ, 5-февралда аталган сайтка президент Сооронбай Жээнбеков 24.кг сайтына салынган айып пулдан баш тартканы боюнча маалымат жарыяланган. Ал эми сотко берүүгө түрткү болгон макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арызды чакыртып алган эмес.

11-сентябрда аталган агенттикке Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган.

Ишти Бишкектеги Свердлов райондук соту карап 5-октябрда Кабай Карабековдон жана 24.кг агенттигинен 5 миллион сомдон айып пул салуу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
edik.toloikon
2018-02-06 18:27:37
Сулуу чымчык боло бербечи айланайын ака))
-2
Birimdik5555
2018-02-08 02:26:21
Журналисттер эмне деп жазыштан да коркуп калышты го эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан