Транспорт министрлиги: "Темир жол менен өлкөнүн түштүгүнө Өзбекстан аркылуу келген жүк ташууга болгон баалар арзандады"

Темир жол менен өлкөнүн түштүгүнө Өзбекстан аркылуу келген жүк ташууга болгон төлөмдөр арзандады. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин Өзбекстан аркылуу транзиттик жол менен келип жаткан жүктөргө ылдыйлатылган коэффициенттер коюлган.

КМШ өлкөлөрүнүн темир жолдорундагы Өзбекстан аркылуу Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагына келип жана кетип жаткан жүк ташууларга коэффициенттер 0,8ден 0,7ге төмөндөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2018-02-06 22:06:12
0.8 ден 0.7 ге тушсо жарытаарлык деле эмес го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан