Сапар Исаков Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин иши менен таанышты

Бүгүн, 6-февралда премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн сынак берүүчү класстарды жана унаа каражаттарын каттоо залдарын көрүп чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев бүгүнкү күндө "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында жана айдоочулук күбөлүктү алгач ирет алууда сынак берүү жана кабыл алуу тутумун жакшыртуу иштери жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле Догоев айдоочулук курамды тестирлөө боюнча автоматташтырылган маалыматтык жаңы тутум ишке киргизилгенин кошумчалады.

Ал белгилегендей, аталган чара айдоочулук күбөлүк алууда коррупциялык тобокелдиктерди кескин кыскартууга мүмкүндүк берет. "Анткени тестирлөөдө сынактын суроолору атайын тутум аркылуу тандоо түрүндө сунушталат. Сынак алуучулар тарабынан билет тандап алуу мүмкүндүгүн жоёт. Унаа каражаттарын каттоо иши "бирдиктүү терезе" принциби боюнча ишке ашырылат", - деди Догоев.

Мындан тышкары премьер-министр автомобилдик Калкты тейлөө борборунун административдик имаратынын долбоору менен таанышты. Дастан Догоевдин айтымында, үч кабаттуу имараттын курулушу каралууда. "Анда айдоочулук күбөлүктү берүү жана унаа каражаттарын каттоо боюнча бардык зарыл кызматтар көрсөтүлөт. Буга катар анын аймагында автомектеп окуучуларына практикалык окууларды өткөрүү үчүн автодромдун курулушу каралууда", - деди Догоев.

Сапар Исаков Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте аталган долбоордун курулушу үчүн жер тилкесин бөлүү маселесин тыкыр иликтеп чыгып, өкмөткө тийиштүү сунуш киргизүүсүн тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан