Кореялык этнограф Чё Мён Хён Кыргыз мамлекетинин Кореядагы элчилигине "Кыргыз жумушчулары үчүн Кореядагы биринчи кадам" аттуу китебинин 100 даанасын белек кылды. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, этнограф менен Кыргыздын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан элчиликте кечээ, 6-февралда жолугушкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө этнограф Чё Мён Хён Бишкекте 4 жыл жашагандыгы жана бул убакыт аралыгында кыргыз тилин үйрөнгөндүгү тууралуу айтып берген. Алар кыргыз тилинде маектешип, андан соң Чён Мён Хён мырза Кыргыз Республикасынан Кореяга иштегени, окуганы жана башка максаттар менен барган жарандары үчүн жазылган китебинин 100 даанасын элчиликке тапшырган. Элчи берилген белек үчүн этнографка ыраазычылык билдирди.