Бүгүн Аида Саляновага карата Бишкек шаардык сотунун өкүмү чыгышы мүмкүн

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму уланат. Күндүн биринчи жарымында анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын, андан кийин Салянованын өзүнүн жарыш сөзү жүрөт. Жарыш сөздөр аягына чыккандан кийин акыркы сөзгө орун берилип, соттун чечими угузулат.

5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан