Британияда өспүрүм ич ооруга каршы дары ичкен соң көз жумган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Жек Данн ичи ооруп жаткандыктан ооруканага кайрылган. Дарыгер өспүрүмдү кароодон өткөрүп, аппендицит деген диагноз менен башка ооруканага жиберген. Бирок ал жактагы дарыгерлер баланы текшерүүдөн өткөргөн соң, анын жөн гана ичи катып калгандыгын айтып, дары берип үйүнө кетирип жиберишкен. Эртеси күнү өспүрүм каза болуп калган. Маркумдун денесине жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал кетоацидоздон, ич катуудан жана ачкалыктан каза болгондугу аныкталган. Каза болгон өспүрүмдүн атасы ага тиешелүү жардам көрсөтүлгөндө балам өлмөк эмес деген оюн айткан.
Буга карабастан полиция кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Алардын айтымында, өспүрүм ичи катып көз жумганына эч ким жооп бербейт. Ал эми оорукана бул окуя тууралуу эч кандай түшүндүрмө берген эмес.
Кетоацидоз - бул кандагы кетон (ацетон, ацетоуксусттук жана бетаоксимасляндык кислота) заттарынын көбөйүп кетиши. Бул оору менен көбүнчө кан диабети менен жабыр тарткан адамдар ооруйт. Ошондой эле оорунун пайда болушуна туура эмес тамактануу да себеп болушу мүмкүн.