Жогорку Кеңештин депутаттары менен онлайн байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда парламенттин сайтын жаңылоо боюнча иш-чарада Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.
Ал белгилегендей, сайтта мурда депутаттардын өмүр баяны эле бар болчу. “Ар бир 120 депутаттын сайтын ачып жатабыз. Мурда парламенттин сайтында депутаттын өмүр баяны эле жазылчу. Эми мындан кийин сайтта эл өкүлүнүн мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү, маалымат каражаттарында депутат тууралуу жазылган макалалар жана мультимедиа камтылат. Ошондой эле эң негизгиси жарандар депутаттар менен онлайн байланыша алат. Ал жакта эл өкүлдөрүнүн электрондук почтасынын дареги, телефон номуру жазылат. Сайт аркылуу дагы жарандар депутаттарга кайрылса болот”, - деди ал.
Нуракун уулунун сайт боюнча депутаттын кеңешчилери окутуудан өткөрүлгөнүн кошумчалады.
Иш-чарага депутаттар, алардын кеңешчилери жана маалымат каражатынын өкүлдөрү катышууда.