Өткөн жыл ичинде токойдогу бактарды кыюуга жол бергендиги үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан 7 токойчу иштен бошотулду. Бул тууралуу маалыматты аталган мекемеден бүгүн, 7-февралда билдиришти.
Мекеменин жыл жыйынтыгын чыгарган отчётунда белгилүү болгондой, бакты кыюуга жол берилгендиктен, жалпысынан 2 миң 209 түп бак мыйзамсыз кыйылган. Мындан келтирилген зыян 1 миллион 929 миң 500 сомду түзгөн.
Келтирилген чыгымдарды төлөө үчүн 14 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Дагы 55 жумушчу кызматтык жоопкерчиликке тартылган.