Буга чейин Токмок шаарындагы Чүй мектеп интернатында окуган эки кызды алардын эркине каршы АКШнын жараны багып алуу аракетин көрүп жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн. Депутат Ирина Карамушкина ошол эле учурда ал эки кызды багып алчу Кыргыз жарандары бар экенин, бирок аларга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айткан. Депутат бул факты боюнча кылмыш ишин ачуу керектигин талап кылган.
Ал эми АКШ жараны Кыргыз мамлекетине келип кыздар менен жолугушканы да айтылган.
Аталган маселени териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөнүн SUPER.KG'ге 7-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Комиссиялык топко Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү киргизилген.