Аида Салянова шаардык соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрыла турганын айтты

Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Аида Салянова Жогорку Сотко кайрыла турганын журналисттерге билдирди. "Булардын негизги максаты мени депутаттык мандаттан ажыратуу болчу. Мен үчүн мандат өзгөчө макам эмес. Ал мага кайрылган адамдардын көйгөйүн көтөрүү үчүн гана керек. Болбосо мен мандат үчүн чуркаган эмесмин. Андан да маанилүү нерселер бар. Соттун чечими адилетсиз болду. Жогорку Сотко кайрылабыз", - деди Салянова.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Дарыгер
2018-02-07 21:29:40
Мандат учун эле чуркап журдун го. Мандат кереги жок болсо уйдо эле бала тарбиялап отурбайт беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан