Бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда митинг өтүп, элдин талабы менен алтын кен ишканасынын курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун акиминин биринчи орун басары Айбек Кожошев билдирди.
“Чогулган элге түшүндүрүү максатында Экотехинспекциядан, көз карандысыз эксперттерден адистерди чакырганбыз, бирок эл аларды сүйлөтүүгө жол берген жок. Элдин бир гана талабы - бул ишкананын жабылышы. Учурда ишкана иштей элек, курулуш иштеринин бүтүшүнө аз калган.
Митингге 400-500гө чукул адам келди, чогулган элдин талабы менен ишкананын курулушу токтотулду, протокол түзүлдү, протоколго элдин нааразычылыгы жазылып жогорку органдарга жөнөтүлөт. Кандай чечим кабыл алынары мамлекеттик деңгээлде чечилет ”, - деди Кожошев.