Филиппинде мыйзамсыз алынып келген унаалар бульдозер менен талкаланууда

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирилген люкс классындагы бир нече автоунааны бульдозер менен талкалоого буйрук берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, унааларды талкалоо иши 166 жылдыгын белгилеп жаткан Бажы кызматынын имаратынын алдында өткөрүлгөн.

"Бульдозер тизилип турган 20 чакты унааны басып өткөн. Талкаланган унаалардын арасында Jaguar, BMW, Mercedes-Benz, Lexus жана Chevrolet Corvette C3 Stingray темир тулпарлары болгон. Өлкө башчынын айтымында, мындай кадам менен ал коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө" , - деп жазылат маалыматта.

Расмий маалыматтарга ылайык, талкаланган 20 унаанын баасы 1 миллион 2 жүз миң долларды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
eldar96
2018-02-08 11:05:35
Бир жагынан туура болду дейсин, бир жагынан ичин куйотго чиркин))
+6
Krai
2018-02-08 11:39:26
Кимге пайда кимге зыян акылы болсо ошо унааларды мыйзамдуу турундо сатып мамлекет ошо акчага канча деген иштерин бутуруп алса болмок же болбосо ошо акчаларды муктаж болгон жарандарга берген болсо 2 дуйно сооп алмак
+5
BakytAliev
2018-02-08 12:16:34
Форсаж тартышпаптыр да
+3
adi.ali94
2018-02-08 12:34:00
Убал кылыпсыңго,бирөөгө зар,бирөөгө кор заман!
+4
kechirmeni
2018-02-08 12:47:19
ото эле популисттик кадам, андан коро мамлекетке откоруп анан кайра сатып ийиш керек эле да
+5
amirrus
2018-02-08 16:02:52
жаш баланын иши,кобуроок налог тогуп мине бер десе,акчасы тугонгондо озу эле токтотмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан