Бүгүн, 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, кылмышкерлер сот, прокуратура жана укук коргоо органдары аркылуу жазадан бошотулуп жатканына токтолду. Өлкө башчысы мындай жагдай өз ишин сүйгөн мыкты кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө доо кетирип жатканын айтты.
"Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, укук коргоо органдарындагы айрым "таза эмес" кызматкерлер жалпы системинин ишине көлөкө түшүрүүдө. Ар кандай көмүскө схемаларды түзүшүп, оперативдик кызматкерлердин жакшы аракеттеринин ишинин жыйынтыгын жокко чыгарып жатат. Кылмышкерлерди ким кармайт? Күнү-түнү өмүрүн тобокелге салып, катардагы оперлер кармайт. Аларды кайра пара алып сот, прокуратура, ошол укук коргоо органдарынын башчылары бошотот. Араңарда милициянын атына көө сыйпап жаткандар бар. Милициянын абийирин акчага сатып, көө жаап, көлөкө түшүргөндөр бар. Ушинтип милициянын элитасы коррупцияга малынып, катардагы милициянын ишин жокко чыгара берсе, жан дили менен ким иштейт?" - деп суроо салды Жээнбеков.