КҮНСЕРЕП: Жээнбеков коррупционерлерге азуусун көрсөттү. Кызматтан биринчи ким ыргыйт?

Бүгүн, 8-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек мэриясы 700 миӊ сомго 100 кол саат сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга таянсак, кол сааттар майрам күндөрү Бишкектеги мекеме, уюмдардын кызматкерлерине "ишиндеги жетишкендиги үчүн" деп сыйлык катары тапшырылат. 1 даана саат 7 миӊ сомдон айланат. Бул биринчиси эмес, мэрия 2017-жылы да 50 кол саат сатып алуу үчүн 450 миӊ сомго тендер жарыялаган. Анда сааттардын ар бирин 9 миӊ сомго баалаган эле.

Бишкек шаарынын 2018-жылкы бюджетин 7 миллиард 934 миллион 941 миӊ сом суммасында бекитүү каралууда. Бул орточо 3-4 министрликтин жылдык бюджетине теӊ сумма. Ашыкча чыгымды кыскартуу, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жыйылган акчаны эффективдүү пайдалануу үчүн Президенттик аппаратка, Өкмөткө, Жогорку Кеӊешке кандай талаптар коюлуп жатса, ушундай эле талап Бишкек администрациясына да коюлууга тийиш. Борбордун бюджетине жоопкер шаардык кеӊешке дагы. Мисалы, быйыл Жаӊы жылга карата шаарды жасалгалоо үчүн 15,5 миллион сом жумшалды. Ошол эле кезде Бишкекте коомдук транспортто жүрүү акысын 10 сомдон 15 сомго көтөрүүгө бир топ аракет жасалып, коомдук сын-пикирден улам азырынча токтоп турат. 2016-жылы шайлоодо "Кыргызстан" партиясы Бишкекте жүргүнчүлөрдү бекер ташуучу автобустарды ишке киргизүүнү убадалап шаардык кеӊешке өткөн. 2 жыл өттү, бекер автобустарды ишке киргизүү тургай ал жөнүндө шаардык кеӊеште сөз боло элек. Эл популисттик сөздөргө ээрчибей, шайлоолордо туура тандоо жасашы керектигин ушундай окуялар көрсөтүүдө.

Бюджеттик миӊ-миллиондор шаан-шөкөт, оюн-зоок, жогорудагыдай кымбат баалуу белектерге эмес, чарбалык иштерге жумшалса элге пайдалуу болмок. Мисалы, 700 миӊ сомду караӊгы көчөлөрдү жарыктандырууга, Бишкекке өткөн кылымдан "мураска" калган эски имараттарды оӊдоп-түзөөгө жумшаса...

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеӊешинин жыйыны өттү. Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, парламент төрагасы, ИИМ, прокуратура өӊдүү органдардын жетекчилери жана башкалар катышты. Талкууланган тема - сот, укук коргоо жана прокуратура органдары коррупцияга каршы кантип күрөшүп жатканы.

Жээнбеков тайсалдатпай, сөздүн ток этерин дароо эле айтты.

Президент коррупцияга сокку уруучу УКМК, ИИМ, сот, прокуратура органдары өздөрү коррупцияга батып калганын моюндады. Булар өлкөдө эмес, өздөрүндөгү коррупцияны ооздуктоого алы жетпей жатат дейт. Жооптуу органдар коррупцияга каршы кантип күрөшүп жатканын президент айткан цифралар көрсөтүп турат.

Акыркы 2 жылда коррупция боюнча укук коргоо органдары тарабынан 76 миӊден ашык кылмыш иши ачылса, анын 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Козголгон иштердин 12 пайызы боюнча гана кылмышкерлер аныкталып жоопко тартылган. Жалпы иштердин 50 пайызга жакыны тергөөдө кыскартылып, токтотулган. 85 пайызы "кылмышка шектүү адамдар табылган жок" деп кыскарып же токтоп калганын ажо жаап-жашырбады.

УКМК акыркы 2 жылда жалпы 2 миӊден ашык кылмыш ишин козгоп, анын 29 пайызы гана сотко жеткен. Ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы ‎2016-2017-жылдары 485 кылмыш ишин козгосо, анын 118и гана сотко жетип, 154 иш кыскарып кеткен. 37 факт боюнча сот чечими чыкканы айтылды.

Финпол тарабынан 2 жылда 3807 кылмыш иши ачылса, 23 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Ар бир 5 иштин төртөөсү сотко жеткен эмес. Кылмыш иштеринин 10 пайызы боюнча гана айыпталуучулар жоопкерчиликке тартылган. Ачылган 4 миӊдей кылмыш иштеринин ичинен 41 факты боюнча күнөөлүү тарапты эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

2016-жылы прокуратура органдары 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8 пайызы боюнча гана кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштеринин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлүп, анын 1,6 пайызы боюнча гана соттун айыптоо өкүмү чыккан.

Ал эми сотко жеткен кылмыш иштеринин жарымы кыскартылып же токтотулууда. Мисалы, 2 жылда сот органдарына 22,6 миӊдей кылмыш иши келип түшсө, анын 40 пайызы судьялар тарабынан кыскартылган же токтотулган. Ушул өӊдүү жагдайлардан улам өлкөдө сотторго нааразычылык, ишенбестик күч.

"Негизи соттордун ишине киришпешим керек. Бирок баш аламандык, мыйзам бузуулар болуп жатса киришпей коё албайм. Мени эл үмүт менен шайлаган. Баары боло берет деп ойлобогула! Андай болбойт! Баарына өзүм киришем", - деди ажо. Кечээ экс-президент Роза Отунбаева депутат Аида Салянованын иши боюнча президентке кайрылуу жасап, сот, прокуратура органдарынын ишине көӊүл бурууну суранган эле. Расмий маалыматка таянсак, акыркы 10 жылда сотторго карата 97 кылмыш иши ачылып, анын 8 пайызы боюнча айыпталуучу жаза алган. ‎2011-2014-жылдары өлкөдө 1 гана судья иштен айдалган.

Өлкөдө криминалдын жанданышы, "ОПГ" мүчөлөрүнүн түрмөдөн бошотулуп жатышы учурдун актуалдуу темасы болууда. Жээнбеков "караларды" милициянын чоӊдору, соттор калкалап жатканын айтып: "Кылмышкерлерди өмүрүн тобокелге салып, оперлер кармайт. Аларды пара алып сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын башчылары бошотуп жиберүүдө. Милициянын атына көө жапкандар ушулар", - деди. Бул сөз жыйынга катышып отурган Жогорку Соттун төрайымына, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге, ички иштер министри Улан Исраиловго, башкы прокурор Индира Жолдубаевага көзүӊөрдү ачкыла деген эскертүү болду.

Интернеттеги талкууларга көз жүгүртсөк, Жээнбековдун айткандарын оппозиция-позиция дебей тегиз колдоого алып жатышат. Айтылган сөз бир, аны ишке ашыруу бир маселе. Жээнбеков коррупцияны жогорку бийлик органдарынан баштап тазалоого эрки жетерин, тартип орното аларын эми иши менен далилдеши керек. Ал үчүн Жээнбековдо толук мүмкүнчүлүк бар...

Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиев менен МАИ кызматынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев тамактанып жаткан маалда “Обама” кафесинен сүйлөшүүнү жаздырып жаткан диктофон табылды. Кафенин жетекчилиги саясатчылардын столунун астынан диктофон табылганын ырастап, аны кафенин кызматкерлери койгон эмес деп жатат.

Кафедеги видеокамерага диктофонду башка столдогу адамдар койгону тартылып калганы, тасма тийиштүү органдарга жиберилгени айтылды. Ал эми Талантбек Исаев диктофонду аталган кафенин официанты койгонун, официантка аппаратты башка бирөө бергени бул кафенин өзүндөгү видеокамерага түшүп калганын айтууда. Талантбек Исаев "мамлекетте баш аламандык уюштурууну көздөгөн" деп айыпталып камакка алынган депутат Канатбек Исаевдин агасы. Каныбек Иманалиев "Ата Мекен" фракциясынан парламентте депутат. Бул окуя оппозициялык саясатчылардын баскан-турганы кимдир-бирөөлөргө тынчтык бербей жатканын көрсөттү.

Депутат Канатбек Исаев дагы жашыруун тартылган видеотасманын негизинде кармалып, кылмыш иши ачылган. Ал окуяда криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен сүйлөшкөн деп Каныбек Иманалиевдин да аты аталганы белгилүү. Жашыруун видеотасмадагы Канатбек Исаев берип жаткан акча президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери үчүн берилген акча экенин сотто айыпталуучунун адвокаты көп жолу кайталады. Исаев бир кылмыш иши боюнча 20 жылга соттолсо, “баш аламандык уюштурууга даярдануу” боюнча ачылган экинчи кылмыш ишин сотто кароо да финалга жакындап калды. Иманалиев айтып жаткандай, чын эле оппозиционерлерди "тыӊшоого" короткон убакытты, каражатты өлкөнүн коопсуздугун бекемдөөгө арноо керек эмеспи?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан