Орусияда аял 42 жыл мурун дайынсыз жоголгон күйөөсүнө эми гана издөө жарыялады. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Орусиянын Приозёрск райондук полиция бөлүмүнө 78 жаштагы улгайган аял кайрылган. Ал полиция кызматкерлеринен анын 42 жыл мурун дайынсыз жоголуп кеткен күйөөсүн таап берүүнү суранган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 1975-жылы экөө урушуп кеткенден кийин үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Кызыгы полиция кызматкерлери жардам сурап кайрылган байбичеден күйөөсүн сүрөттөп жана өзгөчө белгилерин айтып берүүнү суранганда, ал жолдошун эстей албай жаткандыгын билдирген.