Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул бериле баштады. Учурда 327 ымыркайдын эсебине акча которулду

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пул бериле баштады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 8-февралда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева кабарлады. Анын билдиришинче, учурда 327 ымыркайдын эсебине акча которулду. Ата-энелер которулган акчаларды 10-февралдан баштап ала алышат.

"Биздин министрликтин шаар жана райондордо 59 жергиликтүү социалдык өнүктүрүү башкармалыгы бар. Ал башкармалыктарга январь айында келген арыздардын ичинен 327 арыз жарактуу болуп, бир жолу берилчү сүйүнчү пул которулду", - деди Турганбаева.

Ал эми ымыркайларга сүйүнчү пулду берүү жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоор даярдалып, 5-февралда ишке кирген. Анын негизинде Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин бөлүмдөрү, Калкты тейлөө борборлору, маалыматтык киоскилер арыздарды кабыл ала баштады. Каттоо кызматынын маалыматына ылайык, учурда сегиз адамдан билдирме келип түштү.

Пилоттук долбоор 2018-жылдын 5-февралынан 30-апрелине чейин ишке ашырылат. Ошол эле учурда сүйүнчү пул алуу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат жана өлкө аймагында туруктуу жашаган жарандар гана алууга укуктуу.

Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө кирген. Өкмөттүн 370-токтомуна ылайык, баланын жашаган жерине жараша 4 миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент аныкталса, жалпы сумма 7200 сом болот.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
oroskulov1988
2018-02-08 12:58:52
Ошондо Бишкекте квартирада жашагандар ала албайбы
+3
Дарыгер
2018-02-08 13:06:24
Саламатсызбы. Админ. Суйунчу пул 2017 жыл февральдан баштап торолгондорго берилет деди эле. Чындап берилет бекен тактап бериниздерчи
+3
tatum67
2018-02-08 13:11:49
Дарыгер, 2018-жылдын, 1-январынан кийин төрөлгөн наристелерге гана берилет деп айтылган. Ага чейинки төрөлгөн балдарга берилбейт.
0
munira-tilen
2018-02-08 13:22:59
tatum67,андай емес озу торолгондон кийин еки айдан кийин тапшырылат екен ежем тапшырды ноябырда торогон
0
Adiletia
2018-02-09 09:07:32
XXXX аша ушуну кылбай койгон убагында
0
pusur
2018-02-08 13:27:08
Жакшылыка буюрсун!
0
Dalil
2018-02-08 13:48:09
Админ бир суроого жооп жазылбаптыр. 2018-жылга чейин төрөлгөндөргө берилеби же жокпу. Элде эки түрдүү айтылып жүрөт берилет берилбейт деп.
+1
Bekzamann
2018-02-08 14:57:14
Кыргызбайлар 2018-жылы торолгон балдар гана ала алышат
+1
nurik-jami
2018-02-08 15:29:43
Админдер менин суроомо да жооп алып бериниздерчи. Жалгыз бой эне 2018-жылы торогондор кандай алат экенин. Кандай документтер керек болоорун
0
Ayida
2018-02-08 15:37:01
Суйунчу пулду кандай адамдар алышат?Жаны закон боюнча?Неге келген арыздардын ичинен жарактуу деп берип калганын жараксыз кылышты?Эмне учун баардык бала алалбайт.Ким билет?
0
-Sumitra-
2018-02-08 16:57:40
Пособие эмне болду ошондо?
0
nerrazuri
2018-07-30 16:24:01
-Sumitra-,Пособия жок болду только жетишсиз уйбулолорго берилмей болуптур. Суйунчуну болсо только ФинансКредитБанктан алмай болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан