“Ата Мекен” партиясынын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызы канааттандырылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтуусуна караганда, мындай чечимди кечээ, 7-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алган.
"Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия" деген сөзү боюнча экспертиза дайындалып, эксперттер ал сөздү кадыр-баркка доо келтирбеген сөз деп табышыптыр. Андан сырткары сотко келген Атамбаевдин өкүлү ал сөздөр "Ата Мекен" партиясы тууралуу айтылбаганын айтты. Учурда соттун чечимин колубузга ала элекпиз, аны алган соң шаардык сотко кайрылабызбы же жокпу ойлонобуз", - дейт юрист.
Эске салсак, 2017-жылы 6-март күнү мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан. Анда экс-президент сөз сүйлөп жатып парламенттеги айрым партияларга бир катар сындарды айткан. "Ата Мекен" партиясы Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия", "мародёр" дегенин партияга карата айтылды деп, муну кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алган. Экс-президенттин айткан сөздөрүн төгүндөөсүн талап кылып, сотко кайрылган.