"Обама" ресторанынын башкаруучусу: "Саясатчылардын столунун астынан диктофон табылганы чын, бирок аны биздин кызматкер койгон эмес"

"Саясатчылардын столунун астына диктофонду биздин кызматкер койгон эмес", - деп бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына "Обама" ресторанынын башкаруучусу Айгерим Абакирова билдирди.

Ал кафеге келген үч жарандын столунун астынан диктофон табылганы чын экенин айтты. "Ресторандагы видеокөзөмөлдөн текшерсек, диктофонду башка столдо отурган адамдар коюшкан экен. Биздин кызматкерлер койгон эмес. Видеону укук коргоо органынын кызматкерлерине өткөрүп бердик", - дейт ресторандын башкаруучусу.

Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев кечээ, 7-февралда саат 13:00 чамасында ИИМдин Күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев жана парапсихолог Мелис Карыбеков үчөө кафеде тамактанып жатканда диктофон таап алышканын билдирген.

Ошондой эле диктофонду ресторандын кызматкери койгону айтылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2018-02-08 13:59:21
"Обама"ны эми"Трамп"деп коюш керек.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан