Орусиянын Москва шаарындагы ооруканалардын биринде боору ооруп, дарыланып жаткан Тухтахан Амирова каза болду. Бул тууралуу 8-февралда SUPER.KG'ге Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда жакындары маркумдун сөөгүн Кыргыз жерине алып келүү үчүн жана ооруканага болгон карыздарын жабуу үчүн каражат издеп жатат.
"Каза болгон 61 жаштагы аял Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну болгон. Боору ооруп Москвада дарыланып жаткан. Бирок 4-февраль күнү каза болуп калды. Анын сөөгүн айылына алып кетүүгө жана ооруканага болгон карыздарын жабуу үчүн 120 миң рубль акча керек болуп жатат. Эсеп ачылганы менен, 17 миң рубль гана акча чогулду. Жолдошу Жумабай Жоробаев дагы бул жакта. Ал каражат табуунун аракетин көрүүдө", - деп билдиришти аталган фонддон.
Жардам берүүнү каалагандар болсо, +79251231013, +79017713616 номурларына кайрылсаңыздар болот.