Өлкөдө ар бир үчүнчү окуучу 15 жашка чейин алкоголдук ичимдикти ичип көргөн

Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир үчүнчү окуучу 15 жашка чыкканга чейин жок дегенде бир жолу алкоголдук ичимдикти ичип көргөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда “СПИД Чыгыш-Батыш” коомдук фондунун башкы адиси Динара Мадыбаева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өткөн жылы өспүрүмдөрдөн спирттик ичимдиктерди жана психоактивдүү заттарды пайдалангандыгы тууралуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 5 миң окуучу катышкан.

“Биз сурамжылоону өлкөнүн бардык аймагында жүргүздүк. Натыйжада, ар бир үчүнчү окуучу 15 жашына чейин жок дегенде бир жолу алкоголдук ичимдикти ичкенин айтышты. Ар бир онунчу окуучу спирттик ичимдиктерди 13 жашына чейин эле ичкенин айтты", - дейт Динара Мадыбаева.

Мындан сырткары сурамжылоого катышкандардын 6 пайызы "карб", бензин, боёк сыяктуу акыл-эстен тандыруучу заттарды жок дегенде бир жолу жыттаганын айткан. Мадыбаеванын айтымында, бул абдан чоң көрсөткүч. Карб - унаанын карбюраторун тазалаганга колдонулуучу химиялык зат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан