"Обама" ресторанынын официанты диктофонду биз тамактанып жатканда коюптур" деп бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына ИИМдин Күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев билдирди.
Исаевдин айтымында, официант балага диктофонду кепка кийген жигит берген экен. "Биз диктофонду тапканда эле видеокөзөмөлдөн көрдүк. Тамактанып жаткан учурда официант диктофонду билгизбей коюп кетиптир. Ага аны кепка кийген жигит бериптир. Бул боюнча мен арыз жазган жокмун. Ким койгону мага кызык эмес. Тыңшай беришсин. Ал жерде жашыруун эч нерсе айтылган эмес. Достор тууралуу эле сүйлөшүүлөр болгон", - деди ал.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев кечээ, 7-февралда саат 13:00 чамасында Талантбек Исаев жана парапсихолог Мелис Карыбеков үчөө кафеде тамактанып жатканда диктофон таап алышканын билдирген.
Ал эми аталган ресторандын башкаруучусу Айгерим Абакирова саясатчылардын столунун астына диктофонду алардын кызматкери койгон эместигин айтты.