Бүгүн, 8-февралда "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун апасы Паизкан Сулайманова 72 жашында каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы билдирди.
Анын айтымында, Сулаймановдун апасы оорудан улам көз жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 9-февралда Ош облусунун Ноокат районундагы Шанкол айылында болот.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Паизкан Сулайманованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
"Супер-Инфо" гезитине Алтынбек Сулаймановдун апасы тууралуу берген маегинде "19 жашында атама турмушка чыгыптыр. 8 жыл өтүп, экөө 4 балалуу болгон кезинде атам бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Өз кесиби эсепчи болгону менен бул кесибинде бир аз гана убакыт иштеп, турмуш-шартка байланыштуу кийин улантып кеткен жок. Райондук кеңештин 3 жолку депутаты болгонго жетишип, колхоздун бардык иштерине активдүү катышар эле, ошол эле маалда үй-бүлөгө да убакыт бөлгөнгө жетишчү", - деп айтып берген.