Кыргыз-Америка парламент аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды

Вашингтон шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков менен Таалайбек Масабиров АКШ Конгрессинин өкүлчүлүк палатасынын "Демократия үчүн өнөктөштүк" комиссия жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кечээ, 8-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө алар Кыргыз-Америка парламент аралык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Аталган комиссиянын жетекчилиги 2016-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында өзгөртүүлөр киргизилген Конституциянын күчүнө кириши менен Кыргыз мамлекетиндеги парламентаризмдин өнүгүшүнө кызыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары маектештерине демократияны өнүктүрүүдө жана парламентаризмди бекемдөөдөгү Кыргыз өлкөсүнүн бардык бийлик бутактарынын биргелешип жасаган күч-аракеттери тууралуу учкай кеп кылып беришти. Ошону менен катар конгрессмендерди Кыргыз мамлекетине иш сапар менен келип кетүүгө чакырышты.

Эске салсак, АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн чакыруусу боюнча 6-9-февраль күндөрүндө курамына депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Осмонбек Артыкбаев жана Таалайбек Масабиров кирген Жогорку Кеңештин парламенттик делегациясы Вашингтон шаарында жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2018-02-09 21:16:24
Алдаса базасын алып келип албагыла!Чыгаша кылбай башка керектуу иш эле кылгылачы!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан