Казарман-Актал-Чат унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды

7-8-февраль күндөрү Казарман-Актал-Чат унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, 7-февраль күнү саат 23:40 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 93-чакырымына 900 метр куб, 8-февраль күнү саат 03:40 чамасында унаа жолдун 82-чакырымына 1800 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

"Кар көчкү түшкөн жерге атайын техника жана жумушчулар тартылып, унаа жол толук тазаланды. Кар көчкүнүн кесепетинен адам өмүрүнө зыян келген эмес", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан