"Бажы тармагында реформалар башталып, алгачкы көрсөткүчтөр көрсөтүлүүдө. Биз бул менен токтоп калбайбыз", - деп кечээ, 8-февралда премьер-министр Сапар Исаков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Жыйында өкмөт башчы президент Сооронбай Жээнбековго 2011-жылы коррупция менен күрөшүү боюнча башталган ишти улантып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Сооронбай Шариповичтин төрагалыгынын астында Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйыны өтүп жатат. Отурум курч маселелерден башталганы жакшы көрүнүш. Сиз тараптан айтылган маселелер каралып, чечилиши керек. Биз, өкмөт бардык чараларды көргөнгө даярбыз. Эң негизгиси коррупция менен күрөшүү керек. Коррупциянын алдын алуу системин орнотуу зарыл", - деди премьер-министр.
Отурумда Сооронбай Жээнбеков жакын арада мамлекеттик ишмерлердин декларацияларын текшерүү системи орнотула турганын айткан. "Биринчи кезекте укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин бардык киреше-чыгашалары текшерилет. Кызматкерлер мыйзамсыз тапкан акчаларын корото албагандай механизмди түзөбүз", - деп билдирген президент.
Эске салсак, 5-февралда Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен аталган кызматтын 2017-жылкы ишинин, ошондой эле 2018-жылдын январь айынын жыйынтыктарын талкуулаган. Анда Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөнү айтылган. Маалымат боюнча мурун алар күнүнө 1 жарым миллион же 2 миллион сомду түзсө, учурда бул сан 15 миллион сомго жеткен.