Кытайда жаш эне оорулуу наристесин дарылоого акча чогултуу үчүн эмчек сүтүн сатууда

Кытайда жаш эне оорулуу наристесин дарылоого каражат топтоо максатында эмчек сүтүн сатууда. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Кытайдын Шэньчжень шаарында жолдошу менен бирге мигрант катары иштеп жүргөн 24 жаштагы эне эгиз кыздарды төрөгөн. Алардын биринин ден соолугу начар төрөлүп, оор инфекциялык дарт жана менингит менен жабыркай турганы аныкталган. Жаш ата-эненин наристени дарылоого каражаты жетпегендиктен, энеси эмчек сүтүн сатып, каражат топтоону чечкен.

"Кызыбыздын өмүрүн сактап калуу үчүн эмчек сүтүн сатабыз. Ымыркайды бир мүнөт эмизүү үчүн 10 юань", - деген жазуусу жана наристенин сүрөтү чапталган кагазды көчөгө коюп алган эненин сүрөтү жана видеолору интернетке жайылып, учурда кытайлыктар жана медицина кызматкерлери жаш үй-бүлөгө жардам берүүгө аракет кылып жатышканы айтылат.

Кытайда аял оорулуу баласына акча чогултуу үчүн сүтүн сатып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Cleo-13
2018-02-09 11:26:18
Бала учун ата-эне эмнелерди гана кылбайт. Акча бийлеген заман
+15
surgeon777
2018-02-09 17:56:22
ар бир кытай бир юаньдан чогултса миллиарддаган акча чогулса керек)
+4
amirrus
2018-02-09 18:11:32
эне деген башкача жан да...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан