Сапар Исаков: "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында адамдын жүзүн аныктоочу функция ишке кирет"

"Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында адамдын жүзүн аныктоочу функция ишке кирет", - деп бүгүн, 9-февралда премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында билдирди.

Ал инвесторлордон аталган функцияны ишке киргизүүнү суранганын айтты. "Адамдын жүзүн аныктоочу функция боюнча 20дан ашык кызматкер иш алып барат. Алар Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери. Мисалы, тартип бузуулар болсо, адамдын сүрөтү менен ал кайсы жакта жүргөнүн аныктаса болот", - деди премьер-министр.

Мындан тышкары ал видеокамералар шаардын борборлорунда, базарларда, соода борборлорунда жана мектептердин жанында орнотула турганын айтты. "Акылдуу шаар" долбоору ишке ашса, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине жолдун четине турганга тыюу салынат", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-09 12:17:44
Озунор таза иштебесенер баары бекер камеранар жардам бербейт жон эле койбодунар да ушунарды.
+6
Nurbollot
2018-02-09 12:32:00
Акылдуу шаарды акмактар башкарып атбайбы. Түшүнөрдү сууга айткыла колунардан келбейт силердин
+2
Tynybek1989
2018-02-09 14:07:32
Акылдуу шаар акылдуу шаар деп эле оозунар м.н качантан бери айтасынар.иш жузундо корсоткулочу же акылдуу шаары иштеп жатабы айтып койгулачы билгендер акылдуу шаарды байкагандар.мен жакында кыргызстанга барам ошондо коромго канчалык денгээлде акылдуу шаар болгонун
+1
adjo_krsu
2018-02-09 15:18:25
Сапар Исаковдун "акылдуу шаар" деген жомогу деп бироо чыкса гана. Чон курсактарды кыскартуу деген программаны ишке ашыруу керек.
0
Ulan14021985
2018-02-09 15:46:09
Элдердин полициясы акылдуу көз айнек менен иш кылып жатааааат!!! Бизчи эмне кылып жатабыз?!!
http://www.super.kg/kabar/news/219099/
0
Krai
2018-02-09 21:36:36
Бир убакта акылдуу эсептегич деген да чыкты эле ушинтип анан эмне болду. Анын жообун Тынар менен Рахмандан сурасанар жакшылап айтып берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан