2017-жылы Бишкек шаарында 292 миң 363 жол эрежеси бузулган. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда шаардын коллегиясында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 1 миң 190 жаран айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Былтыр 2 миң 268 жол кырсыгы катталып, 67 адам каза болгон. "2 миң 894 адам жабыркаган. Коомдук транспорттун катышуусунда 252 жол кырсыгы болгон. Андан 2 адам каза болуп, 408и жабыркаган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы өтүп жатат.