Бишкек шаарынын четинен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу электр поезддердин каттамын киргизүү зарыл. Мындай сунуш менен бүгүн, 9-февралда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2017-жылдын жыйынтыктарын чыгаруу коллегиясында билдирди.
Министр бул сунушту "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигине карап көрүп жана иштеп чыгууну тапшырды.
"Жолдордун абалын жакшыртуу жана Бишкек шаарынын тегерегинен келип жаткан жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуу үчүн бул сунушту карап көрүп, аз убакыттын ичинде иштеп чыгуу керек", - деп айтты министр.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев бул сунушту ишке ашыруу үчүн көп каражат талап кылынарын билдирип, электр поезддерин жүргүзүү үчүн темир жолдорду электрлештирүү керек экендигин айтты.
"Кандай болгон күндө дагы сиздер бул маселени карап көрүшүңүздөр керек. Анткени Кара-Балта, Беловодск, Сокулуктан күнүнө көптөгөн адамдар Бишкекке келет", - деди Калилов.