Бүгүн, 9-февралда Ооган согушунун ардагерлер кеңешин жетектеп жаткандарга карата нааразы тараптын маалымат жыйыны өттү.
"10-февралда Ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоо кеңешмесине Ооган согушуна катышып келгендер эмес, табакташ болуп жүргөн, жасалма жол менен "ардагер" наамын алып алгандар катышып жатат", - дешти Туратбек Адылов, Орозбай Колубаев баштаган бир нече ардагерлер.
"Өлкөдө жасалма документ менен кармалган 169 "ооганчы" бар, алар өкмөттөн ай сайын бөлүнгөн 6 миң сомду жеп жатышат. Мисалы, Ооган согушу башталган учурда 3 жашка эми чыккан бала "Ооган согушунун ардагери" болуп алган, ушул кантип болсун?!" - дейт Ооган ардагерлеринин бири Болотбек Мамбеталиев .
Маалыматка караганда, 10-февраль күнү Республикалык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча кеңешме жыйыны өтөт.
Эске салсак, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин мурдагы төрагасы Тыныбек Кадыров өткөн жылдын август айында жол кырсыгынан улам каза болгон.