Улуттук банк Ош облусунун Кара-Суу жана Ош шаарларындагы, ошондой эле Талас облусунун Манас районундагы акча алмаштыруучу жайларга жалпысынан 400 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын үчөөсү лицензиясыз иштеп жатканы, ал эми бирөөсүнүн банк мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган. Натыйжада алардын ээлерине 100 миң сомдон айып салынып, административдик жоопкерчиликке тартылган.