Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери дарыгерлер үчүн бир дагы үй курулган эмес. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 9-февралда өткөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.
Медицина кызматкерлеринин айлыгы аз жана алар үчүн эч кандай жеңилдиктер көрүлбөгөнүн билдирген жетекчи: "Биз үчүн үйлөр салынып жатабы? Биз кызматкерлерибиздин турак жай маселесин өз алдынча чечкенге аракет кылып жатабыз. Бул маселеден улам чет жерге чыгып кеткен дарыгерлердин да саны аз эмес", - деди Узакбаев.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, 2017-жылы 1 миң 574 дарыгер жана 4 миң 227 орто медициналык билими бар кызматкер жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган. Алардын ичинен 66 дарыгер жана 114 орто билимдүү медицина кызматкери чет өлкөгө кетишкен.