Бишкек шаарынын мэри коомдук транспорт менен жүргөндөн уялбай турганын айтты

"Мен коомдук транспорт менен жүргөндөн уялбайм", - деп бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ал ишемби-жекшемби күндөрү коомдук транспорт менен жүрө турганын айтты. "Мен атайын эс алуу күндөрү коомдук транспортторго түшөм. Кандай иштеп жатканын көрөм. Мен элге жакын адаммын. Эл менен журналисттерсиз, сүрөтчүлөрсүз аралашам. Бир жолу коомдук транспортко отуруп, канча пенсионер маршруттук таксиге түшүп жатканын санагам", - дейт ал.

Эске салсак, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кайсы депутаттар коомдук транспорт менен жүрө турганын жарыялаган. Алар: Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева жана Альфия Самигулина.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
taalay25
2018-02-09 13:28:40
Жанын жейт го бул кошелок
+14
Azat.97
2018-02-09 13:36:39
taalay25,Албек Ибраимов жакшы эле иштеп жатат,башка мэрлерге караганда.Жанындагы таза эмес адамдарды эле кетириш керек.Мэрия иштеп атат.
-5
Tynybek1989
2018-02-09 13:57:23
Мэр коомдук транспортко тушот экен деп адамдарды албай жаны автобуста мэрди адамдары менен салып журотко э.бизде ушундайго президент же чондор келет десе туну м.н кар тазалап,тыяк быяктарын чондор кеткиче деп убактылуу эптемей кылып иштеп жаткан кербези болушатко.
Автобуста эч ким жокко мэрден башка.башка убакта маршрутка автобуста эл толтура болчуго
+10
NURTILEK_KG
2018-02-09 14:07:04
Tynybek1989,бул жаны автобустар келгенде коруп жаткан учуру окшойт.
+15
yrysbek
2018-02-09 13:59:25
Эгер айтканы чын болсо анда азамат деп койбойлубу?!
-1
admin_superstan
2018-02-09 14:12:39
Adiletia, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
-10
Luna15
2018-02-09 14:26:20
Цирк го бул дейм,креслосу кылдын учунда турганда шоу кыла калдыда,ТЭЦ боюнча ызы-чуу болуп атканда элди эстей калды
+8
Bektur.osh
2018-02-09 14:34:12
оз билгенин кылаберсин, жипте журсо да нааразысынар,жоо журсо да нааразысынар,негизи торолгонунорго ыраазысынарбы деги?
+1
Ermekbai
2018-02-09 14:42:22
Албек сен жалган маалымат бергениң үчүн отставкага кет. Кет кет кет.
+4
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-09 15:04:02
Ermekbai, кетпей тойуп ичип жесин даагы ачка калган бироо келет анан даагы анын планын толтуруп журо беребиз
+1
Ermekbai
2018-02-09 14:43:03
Орточо айлык 19 400 деп жалган маалымат берип жатат.
+3
Nurtilek001
2018-02-09 19:59:50
Албек мырза айтканынар чын болсо жанагы кымбат баалуу служебный жол тандабасты мамлекетке кайтарып коюп, жумушка кунуго коомдук транспорт мн келип кетсенер эл мн аралашып, чыныгы мэр болуп массалык маалымат каражаттарынан дун эле дей тушуп тарыхта каласынар) онуккон мамлекеттерде жогорку кызматтагылар коомдук транспорт, велосипеддер мн журушот, а биздин жолдошбаевге окшогон дон баш депутаттар эл мн аралашып жургондон уялышат имиш акмактар!
+3
admin_superstan
2018-02-12 12:14:16
Azat.97, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. 5 күнгө БАН!
0
admin_superstan
2018-02-12 12:16:17
Azatbek83, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
admin_superstan
2018-02-12 12:16:58
Jelezo, далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан