Быйыл Бишкек шаарында 2 500 дарак кыйылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов журналисттерге билдирди.
Мэрдин айтымында, 2014-жылы 5 миң 609, 2016-жылы 2 миң 328, 2017-жылы 2 миң 938 дарак кыйылган. "Бирок кыйылган дарактардын орду толукталган. 2014-жылы 5 миң 609, 2016-жылы 5 миң 508, 2017-жылы 10 миң 22 дарак отургузулган. 2018-жылы 8 миң 217 дарак отургузууну пландап жатабыз", - дейт мэр.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы өттү. Анда 2017-жылдын жыйынтыгы жана 2018-жылга коюлган пландар тууралуу сөз болду.