Албек Ибраимов: "Быйыл Бишкекте таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу боюнча тендер өтөт"

Быйыл Бишкекте таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу боюнча тендер өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоору үч бөлүккө бөлүнгөн.

"Биринчи баскычы катуу таштандыларды чыгаруу, уюштуруу жана башкаруу. Анын 99 пайызы мөөнөтүндө аткарылды. Эми 133 контейнердик аянтты орнотуш керек. Экинчи баскычы таштандыларды калыбына келтирүү жана кайра иштеп чыгуучу бөлүктөн турат. Учурда иш жүрүп жатат. 2020-жылы бүтөт. Кийинки баскычта таштандыны кайра иштеп чыгуучу заводду куруу пландалууда. Тендер 2018-жылы өткөрүлөт", - деди Албек Ибраимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
al-abu-kinesz
2018-02-09 16:24:42
Миллиондор дагы "керекке жарайт" экен да эми.
+1
kechirmeni
2018-02-09 16:53:03
Дагы жейт экенсинер да. Саат, жаны жыл, автобустар, ТЭЦтер миллиондорду чапчыды эле мунунар миллиардга барат го дейм
+2
gulmi
2018-02-09 18:29:37
ТЭЦтин акчасы учун жооп беришсин!
0
Fidel
2018-02-10 04:14:44
Бишкеке ошко Жалал абадка мусор переработка кылган заводу куто берип картайып кеттим!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан