"Тез жардам" кызматына эмес, санавиацияга акы төлөнүүсү мүмкүн. Бул тууралуу 9-февралда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиев билдирди.
Анын айтымында, алыскы аймактардан борборлорго бейтаптарды алып келгенде кээ бир кызматкерлер акча каражат талап кылышат, анткени аларга бөлүнгөн күйүүчү май жетпейт.
"Бейтаптарды бир жерден бир жерге жеткирүү үчүн 300 сомдон 1000 сомго чейин акча каражаттары алынат экен. Бул акча каражаты келип кайра кеткенге алынат. Мындан улам бейтаптарга эки эсе күч келет. Буга байланыштуу бул көрүнүштү анализдеп атайын жумушчу топ түзүш керек", - деди Калиев.
Ошондой эле жетекчи эгерде жогоруда айтылгандай каражат жетишсиз болсо, анда кызматкерлер тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу болбошу үчүн акчаны белгилүү бир өлчөмдө жана мыйзамдуу түрдө алгандай систем түзүү зарыл экендигин кошумчалады.
Мындан сырткары, Калиев санавиация өтө керектүү кызмат экенин жана көптөгөн оор абалдагы бейтаптар райондук ооруканалардан облустук жана республикалык ооруканаларга санавиация менен жеткирилерин белгиледи.
Айта кетсек, буга чейин мындан ары "Тез жардам" кызматына акы төлөнүшү мүмкүн экени айтылган.