УКМК тарабынан камакка алынган Жогорку Кеңештин кызматкери Арсен Закиров буга чейин кызматтан кетүү боюнча өз эрки менен арыз жазган. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирди.
"Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров январь айында эмгек өргүүсүнө чыккан. Андан кийин эмгек өргүүсүнөн кайтып келип жумуштан кетүү боюнча өз эрки менен арыз жазган, бирок кызматтан бошотула элек болчу", - деди басма сөз катчы.
Айта кетсек, буга чейин УКМКдан Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомду ыйгарып алган деп шектелип кармалганын билдиришкен.