Москвада 5-кабаттан кулап кетип Бишкектеги ооруканада жаткан Жаркынай үйүнө чыгарылды

Москвада 5-кабаттан кулап кетип Бишкектеги ооруканада жаткан Жаркынай Юсупова үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ал өзү SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, ал март айына чейин үйүндө болот. "Эки күн мурун ооруканадан чыктым. Март айында кайра барып саныма операция жасатам жана сол бутума тагылган темирлерди чечтирем. Учурда оң бутум бир аз кыймылга келип калды. Ден соолугум жакшы болуп калганы менен, ордумдан дагы деле тура албайм", - деди Юсупова.

Белгилей кетсек, Жаркынай ушул жылдын 1-январында саат 07:00 чамасында Москвада жашап жаткан үйүндө терезеге парда тагып жатып 5-кабаттан түшүп кеткен. Кулап түшкөндөн кийин эс учу жок абалда шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки күндөн кийин ал эсине келип, жаракат алган жерлерине алгачкы операция жасалган. Өзүнүн айтымында, эки буту сынып, омурткасы жана оң колу жабыркаган.

20-январда Бишкекке алынып келип №4-ооруканага жаткырылган. 2-февралда профессор Сабырбек Жумабеков анын оң далысына операция жасап, оң бутуна тагылган темирлерди чечкен.

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну Жаркынай 10 жылга жакын убакыттан бери Орусияда иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Birimdik5555
2018-02-10 14:38:37
Кудайым шыпаа берсин
+6
aydinnur
2018-02-10 16:51:13
Профессор азамат, кызга узун өмүр!
+4
Djal1987
2018-02-11 03:28:40
Туугандары тузук болсо бат эле жакшы болуп кетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан