Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргыздагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитовду дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда өлкө башчысы Айымдос Бозжигитовго анын Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси катары кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгын жана Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндө келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгын белгилешти. Бизди эки тараптуу мамилелердин бекем негизи болгон бир туугандык, жакшы коңшулук ажырагыс байланыштар, тилибиз жана маданиятыбыздын жакындыгы байланыштырып турат. Биз өз ара урматтоо жана пайдалуу кызматташтыктын принциптеринде мамилелерди бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек", - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы элчи Айымдос Бозжигитовго мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалап, ал дайым Кыргыз жергесинде кадырлуу конок болорун белгиледи.