"Тажикстан менен мындан ары көйгөй жаралбайт". Мындай пикирин бүгүн, 10-февралда SUPER.KG'ге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.
Анын айтымында, Тажикстандын Гафуров районунун акими менен сүйлөшүп, эки тарап ушундай жыйынтыкка келишкен.
"9-февралда Тажикстандын Лейлек району менен чектеш Гафуров районунун акими менен сүйлөштүм. Жыйынтыгында Сада айылындагы каналга коюлган темир контейнерди алып, анын ордуна Гафуров районунда даяр турган чакан көпүрөнү алып келип убактылуу орноттук. Кийин башка көпүрө салынат. Ошондой эле башка көйгөйлөр жаралбашы үчүн электр энергиясы үчүн зымдарды тартуу жана таза суу маселелерин биргелешип чечүүнү сүйлөштүк. Мындан ары эки райондун ортосунда көйгөй жаралбайт", - деди Бекмуратов.
Белгилей кетсек, 8-февралда Тажикстан "Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттеринен адамдардын, унаалардын өтүүсүнө тыюу салган. Ошондой эле Лейлек районундагы Сада айылындагы көпүрөгө өтө турган жолду жаап, чек арачылардын санын көбөйткөн. Кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өткөрүү бекеттери жана жол ачылган.
Сада айылынын 75 окуучусу Кулунду айылындагы мектепке барып окуп келүү үчүн сайга курулган темир контейнер аркылуу өтүп келишкен. Ал контейнер облустук администрациянын тапшырмасы менен коюлган болчу.